УКМК "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директорун камады

УКМК төрт күн мурда ишкананын директорунун мурдагы орун басарын камакка алган болчу. Укук коргоочулар компаниянын ири суммадагы каражаты чыгарылып кеткен фактыны аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмазбек Жусупбековду камады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жусупбеков буга чейин козголгон кылмыш иштин негизинде кармалды. Ал ири суммадагы каражатты мыйзамсыз негизде компаниядан чыгарып кеткен деп айыпталууда. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө амалдары жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 3-мартта, УКМК "Электр станциялары" ишканасынын директорунун орун басары Бердибек Боркоевди кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Комитеттен билдиришкендей, ишкананын айрым жетекчилери компаниядан ири суммадагы каражатты чыгарып кетишкен.

Кыргызстан коррупция рейтинги боюнча Россия жана Мексика менен теңтайлашты
Аталган фактылардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси (каражатты өзүнө ыйгарып алуу, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу), 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) жана 350-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду.

"Электр станциялары" ААКсы УКМКнын аракеттерине комментарий бере албай тургандыгын айтты. Компания мыйзамдардын чегинде тергөөгө жардам берүүгө даяр.