Аргентинанын экс-президенти сот алдында жооп берет

Киршнер баштаган аткаминерлер 1994-жылы болгон жардырууну жашырып койгон деп айыпталууда
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Аргентинанын мурдагы президенти Кристина Фернандес де Киршнер жана анын администрациясында иштеген жогорку кызмат адамдары 1994-жылы Буэнос-Айрес шаарында еврейлердин маданият борборунда болгон жардыруу боюнча сот алдында жооп берет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өкмөттүн укуктук маалымат борборуна таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, федералдык сот Клаудио Бонидио ишти соттук угууга жиберип жатат. Ал жакта өлкөнүн мурдагы президенти Киршнер, мурдагы тышкы иштер министри Эктор Тимерман жана башкалар сот алдында жооп берет.

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталган 65 офицер өмүр бою кесилди
Буга чейин бул ишти иликтеген Аргентинанын прокурору Альберто Нисман Киршнер менен Тимерманды жардырууну уюштурду деген ирандыктарды жаап-жашырган деп айыптаган. Кийин прокурор киши колдуу болгон.

1994-жылы болгон жардырууда 85 киши каза болуп, 200дөн ашык адам түрдүү жаракаттарды алган.