Россиянын аскерий жетекчиси Кыргызстанда жүрөт

Эки жетекчи эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашып, мындан аркы эки тараптуу кызматташууну талкуулады
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. КРдин куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин менен жолукту. Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Абадан коргонуу аскерлери аскада калгандарды куткаруу боюнча машыгуудан өттү
Эки жетекчи эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашып, мындан аркы эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Мындан сырткары, командалык-штабдык жүрүп жаткан биргелешкен машыгуулары тууралуу кеп болду.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун алкагындагы куралдуу күчтөрдүн ыкчам жана аскердик даярдыгы талкууланып, аскерлердин биргелешкен тобунун ишмердүүлүгүн мындан аркы активдештирүүгө даярдык табында экени белгиленди.

Лапин жолугушуудан кийин Балыкчы шаарына кургакта аскерлердин биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.