АФК-2018 кубогу: "Алай" футбол клубу түркмөнстандык командага жеңилип калды

Кыргызстандык курама команда 3:6 эсебинде жеңилип калды
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы стадиондо АФК-2018 кубогу үчүн "Алай" менен Түркмөнстандын "Алтын-Асыр" футболдук клубдары кез келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

1 / 4
Ош шаарындагы стадиондо АФК-2018 кубогу үчүн "Алай" менен Түркмөнстандын "Алтын-Асыр" футболдук клубдары кез келди.
2 / 4
Оюндун башында Оштун клубу коргонууга өткөн, бирок ошентсе да дарбазасына эки топ кирип кеткен.
3 / 4
Бир аз убакыт өткөндөн кийин "Алай" клубунун капитаны Ильяз Алимов бурчтан тебилген топту каршылаштарынын дарбазасына киргизүүгө жетишип, эсепти ачкан.
4 / 4
Экинчи таймда "Алай" дагы эки топ киргизүүгө үлгүргөн. Бирок каршылаштары күчтүүлүгүн көрсөтүп үч гол киргизген. Натыйжада 3:6 эсебинде "Алтын-Асыра" жеңип кетти.

Оюндун башында Оштун клубу коргонууга өткөн, бирок ошентсе да дарбазасына эки топ кирип кеткен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин "Алай" клубунун капитаны Ильяз Алимов бурчтан тебилген топту каршылаштарынын дарбазасына киргизүүгө жетишип, эсепти ачкан.

"Бирок кыргызстандык команда тыныгууга 1:3 эсеби менен кетти", — деди кабарчы.

Экинчи таймда "Алай" дагы эки топ киргизүүгө үлгүргөн. Бирок каршылаштары күчтүүлүгүн көрсөтүп үч гол киргизген. Натыйжада 3:6 эсебинде "Алтын-Асыра" жеңип кетти.