БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков Украинадан келген Юрий Проценкону жеңип, чемпиондук курга ээ болду.
Мушкерлер 93 килограмм салмак категориясында беттешти. Кармаштын биринчи раундунда эле Проценкого катуу сокку тийип мурду канап кетти. Аккан кан беттештин аягына чейин токтободу. Жээнбековдун бою узун болгондуктан жакындата койбой сокку уруп жатты. Төртүнчү раундга келгенде украиналык мушкер өзү багынууга аргасыз болуп, кармаш токтотулду.
Беттеш аяктагандан кийин Жээнбеков бардык күйөрмандарына, жалпы кыргыз элине ыраазычылык сөзүн айтты.
Турнирдин жүрүшү тууралуу тексттик транслациядан окуңуздар.