Маевкада велосипедчен кишини ЗИЛ коюп кетти. Сүрөт

Күбөлөрдүн айтымында, велосипедчен адам жөө адамдар өтө турган жол чийинде кетип баратканда унаа сүзүп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Маевка айылында бүгүн саат 11.30дар чамасында велосипедчен адамды ЗИЛ коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

1 / 2
Маевка айылында бүгүн саат 11.30дар чамасында велосипедчен адамды ЗИЛ коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди
2 / 2
Окуя болгон жерде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

"Велосипед тепкен киши жөө адамдар өтө турган жол чийинде кетип баратканда "Тазалык" ишканасынын унаасы коюп кетти. ЗИЛ саатына 30 чакырым ылдамдык менен келе жаткан, ал адамды ыргыта сүзүп велосипедин тебелеп кетти. Жабырлануучуга чуркап келгенибизде колу ооруп жатканын айтты", — деди күбө.

Окуя болгон жерде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат. Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтышты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.