Радио

Иманкулов: айрымдар окутабыз деп алдап, экстремисттик идеологияны үйрөтүүдө

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Кыргызстандагы терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны көбөйгөндүгүнө миграция жана билимсиздик себеп болуп жатканын айтты.
Sputnik
Иманкулов: айрымдар окутабыз деп алдап, экстремисттик идеологияны үйрөтүүдө

Айрымдар окутабыз деп алдап, экстремисттик идеологияны үйрөтүүдө. Бул тууралуу Марат Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, терроризм жана экстремизм боюнча маалыматы жок, билимсиз адамдар бул нерсенин курмандыгы болууда.

"Билим берүү жаатында кемчиликтер абдан көп. Жаштар менен жекече иштеген эч ким болбой жатат. Балдарыбыздын көбү сабатсыз болгондуктан, туура эмес маалыматтын ээси болууда. Аларды дин жолунда окутабыз деп алдап, экстремизмдин идеологиясын үйрөтүп жатышат", — деди Иманкулов.

Ал ошондой эле терроризм жана экстремизмди алдын алуу боюнча мамлекет тарабынан жеткиликтүү иш-аракеттер жүрбөй жатканын кошумчалады.