Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталган 65 офицер өмүр бою кесилди

Буга чейин февраль айында сот төңкөрүш жасоого катышкан деп аскер окуу жайынын 64 курсанты менен мугалимдерин өмүр бою эркинен ажыраткан
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Түркиянын соту 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга катыштыгы бар деп аскер-деңиз күчтөрүнүн 65 офицерин өмүр бою кести. Бул тууралуу NTV телеканалы маалымдады.

Ага ылайык, 47 офицер катуу режимдеги абакка камалса, 18 офицер катардагы түрмөдө жаза өтөйт.

Буга чейин февраль айында сот төңкөрүш жасоого катышкан деп аскер окуу жайынын 64 курсанты менен мугалимдерин өмүр бою кескен.

Түркияда кыргызстандык аял чогуу жашаган эркекти өлтүргөнү үчүн 25 жылга кесилди
Эске салсак, 2016-жылы 16-июлдун түнүндө бир нече топ Түркияда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылык көрсөтүү Стамбул менен Анкарада өтүп, 240 жаран каза болуп, 2 миңден ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Окуядан кийин 50 миң киши камакка алынып, 140 миңдей мамлекеттик кызматкер менен аскер адамдары кызматтан алынган. Түрк бийлиги мамлекетти басып алуу аракетин динаятчы Фетхуллах Гүлен уюштурган деп айыптап чыккан. Учурда АКШда жашаган Гүлен айыптоолорду четке каккан болчу.