БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Владимир Путин Россияны иш жүзүндө оңдой алган жалгыз талапкер деген пикирин өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолуккан учурда президент Сооронбай Жээнбеков айтты.
Өлкө башчы Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгиледи.
"Россиялыктар 18-март күнү талапкерлердин адилеттүүлүгүнө, чынчылдыгына жана эмгекчилдигине көңүл буруусун каалайм. Бүгүнкү күндө Владимир Путин өлкөдөгү экономика жана коопсуздукту сөз менен эмес, иш менен бекемдеген жалгыз талапкер. Анын аркасы менен өлкө кубаттуу державага айланды. Орус эли дал ушул адамды тандашын каалайм", — деди Жээнбеков.
Президент кошумчалагандай, Россия менен Кыргызстандын ортосунда кыргыз жарандарын иш менен камсыз кылып турган ЕАЭБ жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу бар.