Новопавловкада окуучулар үчүн жер алдындагы өтмөк ачылды. Сүрөт

План боюнча дагы бир жер алдындагы өтмөк ачылат
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Новопавловка айылында мектептин жанындагы кароосуз калган жер алдындагы өтмөк оңдолуп кайтадан ачылды.

10 жыл ашык убакыттан бери мектептин жанындагы жер алдындагы эки өтмөк кароосуз калып, таштанды жайына айланып кеткен.

1 / 4
Чүй облусунун Новопавловка айылында мектептин жанындагы кароосуз калган жер алдындагы өтмөк оңдолуп кайтадан ачылды
2 / 4
10 жыл ашык убакыттан бери мектептин жанындагы жер алдындагы эки өтмөк кароосуз калып, таштанды жайына айланып кеткен.
3 / 4
Жергиликтүү бийлик бул жайларга оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү.
4 / 4
Эми Бишкек — Кара-Балта жолунун боюндагы мектептин окуучулары коопсуз түрдө жолдун аркы тарабына өтө алышат.

Жергиликтүү бийлик бул жайларга оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. Эми Бишкек — Кара-Балта жолунун боюндагы мектептин окуучулары коопсуз түрдө жолдун аркы тарабына өтө алышат.

"Азырынча бир гана өтмөктү анча-мынча оңдоп, №2 мектептин карамагына бердик. Эми эртең менен саат жетиде ачылып, кечки саат сегизде жабылып турат", — деген пикирин Новопавловка айыл аймагынын башчысы Амантур Насиров билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек — Кара-Балта жолундагы айдоочулар ылдамдыкты азайтуу керектигин көрсөткөн белгилерге карабай машинаны катуу айдашат.

Андыктан жер алдындагы экинчи өтмөктү да оңдоо планда каралган.