Кыргызстандан барган 65 тонна кургак сүт Россияга кирбей калды

Биринчи жолкусунда 60, эми 65 тонна продукция киргизилген жок
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Оренбург облусундагы Россельхознадзор башкармалыгы Россиянын аймагына Кыргызстандан барган 65 тонна кургак сүттү киргизбей койду. Бул тууралуу башкармалыктын сайтына жарыяланды.

Өзбекстанга бекер ташып кире турган товардын көлөмү 30 эсеге көбөйдү
Продукция орус-казак чек арасынан өткөрүлбөй калган. Жүк ташуучулардын айтымында, "Ак сүт" ишканасынын продукциясы Россияга Оштон жөнөтүлгөн болчу.

Россельхознадзордон сүт азыктарынын сапатын тастыктаган бир дагы документ жок болуп чыкканын билдиришти. Башкармалыктын өкүлдөрү учурда административдик изилдөө жүргүзүп, сүт азыктарын жок кылуу боюнча маселени карап жатышат.

Буга чейин, 2-мартта, ушул эле чек арадан 60 тонна кургак сүт Россиянын аймагына өтпөй калган. Ал эми Россельхознадзор "Ак сүт" ишканасынын продукциясынын өлкө аймагына киришине убактылуу чектөө киргизди.