Индия: үй ээси порнографилык кинолорду көп көргөн уулунун колун кесип салды

Дарыгерлер баланын кесилген колун тигип, кайта калыбына келтирүүгө аракет кыларын айтышууда
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Индиянын Хайдарабад шаарынын тургуну 19 жаштагы баласын порнографиялык кинолорду көп көргөнү үчүн колун билектен чаап салды. Бул тууралуу РИА Новости IANS агенттигине таянуу менен билдирди.

Хоккейчи конькиси менен казак дарбазачысынын кокосун каната тепти. Видео
Укук коргоо органдарынын айтымында, 45 жаштагы жаран баласы чоңдор үчүн кинону такай көргөнүнө жини келген. Ал баласынын мындай адаты бир гана жетишкендиктерине терс таасир тийгизбестен дене боюнча да залал келтиргенин айткан.

ЖМКлардын жазышынча киши баласы уктагандан кийин бөлмөсүнө кирип эт чапкан чоң бычак менен оң колун билектен кесип салган. Жабыркаган бала учурда ооруканада, дарыгерлер баланын кесилген колун тигип, калыбына келтирүүгө аракет кыларын айтышууда.