Былтыр Бишкек — Ош жолу тийиштүү оңдоодон өтпөгөнү аныкталды

Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголду
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Транспорт прокуратурасы 2017-жылы Бишкек — Ош жолунун 132-138 чакырымын оңдогон №9 жол ишканасынын ишмердигин текшерип, мыйзам бузуулар менен каражат кымырып алуу болгонун аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек — Ош жолунун жогорудагы аралыгын оңдоого 24 миллион 345 миң сом кетери долбоор-сметалык документте жазылган.

Бишкекте акыры тамтыгы чыккан көчө оңдолмой болду
Бирок №9 жол ишканасынын жетекчилери подрядчы уюм менен жең ичинен сүйлөшүп, жол куруу нормаларын сактабай, тарифтерди көтөрүп жиберишкен. Анын кесепетинен жолго төшөлчү асфальттын 449 тоннасы кемип калган.

Андан сырткары, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу үчүн жасалган оңдоо иштери архитектура-курулуш органдарына тийиштүү түрдө катталган эмес. Жалпысынан мамлекетке 1 миллион 219 миң сом зыян келтирилген.

Жогоруда факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголду.