"Ош" базары кайрадан өрттөнүп жатат

Аталган кызмат өрт тууралуу маалымат саат 21:06да келип түшкөндүгүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишек шаарындагы “Ош” базарында өрт чыгып, үч бригада жөнөп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине 101 кызматынан кабарлады.

Крупный пожар на Ошском рынке

Аталган кызмат өрт тууралуу маалымат саат 21:06да келип түшкөндүгүн айтты.

Крупный пожар на Ошском рынке

“Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ош базарынын аймагында контейнерден өрт чыккандыгы боюнча маалымат түшүп, үч бригада жөнөп кетти”, — деп айтышты аталган кызматтан.

Крупный пожар на Ошском рынке

Эскерте кетсек, 30-январь күнү эртең менен саат 9.40дар чамасында "Ош" базарында өрт чыгып 3500 чарчы метрлик аянтты жалмаган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 12 техника тартылган. Түшкө жуук өрт чектөөгө алынып, кечки саат 18.29да толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ кырсыктын кесепетинен "Сейтек" кичи базарындагы 108 күркө, "Берекет плюс" базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткенин маалымдаган. Ал эми базар жетекчилиги өрттөнгөн жерде 250гө чукул адамдын соода түйүнү болгонун айтат.

"Ош" базарында учурда эмне болуп жатканын биздин тексттик трансляциядан окуп, түз алып берүүдөн көрсөңүз болот>>