Кыргызстандык жаачы кыз-келиндер Казакстандагы турнирде ат салышат

Мелдеште өлкө намысын 13 спортчу коргойт
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жаа менен ок атуу боюнча кыздар курама командасы Казакстандагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Гран-при сериясындагы турнир 30-марттан 5-апрелге чейин өтөт. Анда Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын спортчулары күч сынашат. Учурда алардын тизмеси такталууда.

Ал эми Кыргызстандын атынан 13 жаштан 33 жашка чейинки 13 спортчу катышат. Ата мекендик жаачылар өздөрүнүн машыгууларын 13-мартка чейин Бишкекте өткөрөт.