БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшырарын Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен аталган көзөмөл пунктуна кошумча төрт кабина коюлду.
"4-марттан бери "Достук" көзөмөл пунктунда паспортторду текшерген 14 кабина иштеп жатат. Ошондой эле дагы 16 паспорт көзөмөл кабиналарын коюу үчүн кошумча орундар даярдалууда", — деп айтылат маалыматта.
Бардык иштер аяктагандан кийин көзөмөл бекетинин өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсе жогорулай турганын мекеменин маалымат кызматы белгиледи. Жакын арада кыргыз-өзбек чек арасынын аталган аймагында паспорт текшере турчу 30 кабина иштей баштайт.