Бразилияда дүкөн тоноого кирген ууруну пол жууган аял суу чачып кубалады. Видео

YouTube каналына Бразилиядагы дүкөндөрдүн бирин тоноого аракет кылган куралчан кишинин видеосу жарыяланды.
Sputnik

Анда көрүнүп тургандай куралчан эркек кирип келип, дүкөн ичин жууп жаткан эки аялга тапанча такаган. Бул учурда чакага суу алып жаткан аял ага суу чачып, кубалап жиберген.

"YouTube колдонуучулары аялдын жоругуна суктанып, кээ бири "ай-иий, эр жүрөк аял го" дешсе, башкалары "ууру бул окуяны "кесиптештерине" кантип айтып берерин уккум келип жатат", — деп жазышкан.

Ал эми Кытайда болсо уурулардын биринчиси экинчисин капыстан жыга чаап алды. Жылмаюу чакырган видеону көрүп койгула.