Бишкекте жолдун туура эмес жеринен өткөндөргө айып салынууда

Мыйзамда эгерде жөө киши жолдун туура эмес жерин кесип өтсө, ага 500 сом айып салынары жазылган
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаада “Жөө жүргүнчү” деп аталган рейд өттү деп билдирди Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖККБ) маалымат кызматы. 

Буга чейин социалдык тармакка Александр Золотухин аттуу колдонуучу аны өмүрүндө биринчи ирет жолду туура эмес жеринен кесип өткөн адам катары айып төлөгөндүгүн жазган эле.

“Жол эрежесин бузуп өттү деген беш кишинин ичинен мени тандашты, азамат экен алар. Келип сылык-сыпаа түшүндүрүп, айтып, дешти. Урушкан, мушташкан жокмун, апам менен атама да жардам сурап телефон чалганым жок. Абайлап, сак жүргүлө. Шар ичинде рейд жүрүп жатат", — деп жазган ” Золотухин.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан рейд жүрүп жаткандыгын тастыктап, мыйзам боюнча жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө айып салынарын айтышты.

Ведомствонун өкүлдөрү рейддин бүгүнкү жана башка күндөрүнүн жыйынтыгын чыгарып, канча киши айыппулга жыгылгандыгын билдирүүгө убада беришти. Алар жогорудагы иш-чара канча күнгө созуларын так айтышкан жок.