БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. "Электр станцияларынын" мурдагы жетекчиси Бердибек Боркоев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Боркоев жана дагы бир катар атка минерлер ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп күнөөлөнүп жатат. Кылмыштуу схема үчүн жасалма фирмалар аркылуу жасалып, жалган келишимдер түзүлгөн.
Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.
Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев башында турган мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ал 19-февралда кырсыкка тиешеси бар бир катар жактарга карата чара көрүүнү сунуштаган.