Arnold Classic турнирин уткан өзбекстандыкка сыйлыкты Шварценеггер өзү тапшырды

Мелдештин жыйынтыгы менен Михаил Волынкин эң мыкты деп табылды
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Өзбекстандык атлет Михаил Волынкин Arnold Classic-2018 турнирин жеңип, алтын медалга татыганын Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Бодибилдинг боюнча мелдеш АКШнын Огайо штатындагы Колумбус шаарында өткөн. Баш байгени жеңүүчүгө Арнольд Шварценеггер өзү тапшырган.

Өзбекстандык атлет жеңиши тууралуу Instagram баракчасына жазып, аны колдогон жана сүрөгөн күйөрмандарына ыраазычылыгын айтты.

Волынкин Борбор Азия чөлкөмүнөн жеңишке жеткен биринчи атлет. Эми ага дүйнөдөгү эң күчтүү, профессионалдар арасында күч сынашууга жол ачылат.