БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Балыкчыга музыкалык жарык менен коштолгон фонтан орнотулуп, мэрия имаратынын фасады жакшыртылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына муниципалитеттен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул Ысык-Көл облусундагы жалгыз өзгөчө фонтан болмокчу. Учурда курулуш иштерине акча табылып, муниципалитет подрядчик издеп жатат.
"Курулуш иштерин 31-августта бүтүрүп, ачылышын эгемендүүлүк күнүнө арноону пландап жатабыз. Мындан тышкары, мэриянын имаратына оңдоо иштери жүргүзүлөт", — деп калаа администрациясынан билдиришти.
Өткөн жылдын башында Балыкчы мэриясы 40 жылдык карагайларды тигип, муниципалитеттин алдына асфальт төшөлгөн.