Балбан Муслим Евлоев атаандаштарын баш көтөртпөй финалга чыкты

Финалда Евлоев монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен беттешет
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев (74 кг.) Бишкектө өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү. Учурда эмне болуп жатат?
Евлоев квалификациялык кармашта тажикстандык балбан Сорбон Абдулхаевди 11:0 эсебинде, чейрек финалда түркмөнстандык балбан Давлетмурат Оразгулужовду 12:2 эсебинде утуп, жарым финалда ирандык Мостафа Мохабалли Хоссейнханини 8:4 эсебинде жеңди. Эми финалда Евлоев монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен беттешет.

Ал эми Улукбек Жолдошбеков (61 кг.), Бактияр Карагул уулу (92 кг.) жана Мурат Рамонов (125 кг.) чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калды. Эгерде атаандаштары финалга чыкса, коло байге үчүн күч сынаша алышат. Таалайбек уулу Динислам (86 кг.) болсо, квалификациялык беттеште эле утулган.

Бүгүн эркин күрөш боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулмакчы. Кечээ, 3-мартта дагы медалдын беш топтому ойнотулган, бирок, бир да кыргызстандык байге алган эмес.

27-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты бүгүн, 4-мартта жыйынтыкталат.