БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Тараздагы түзөтүү колониясында оозун тиккен Кыргызстандын жараны баңгизаттарды таратканы үчүн соттолгонун Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Ал 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
"Соттолгон адам түзөтүү жайынан өзүнө-өзү жеңил жаракат келтирген. Аны мекеменин медициналык бөлүмүнөн чыгаруу буйругу кабыл алынганда ага макул болбой ушундай кадамга барган. Ал жакта соттолгон жаран кышы бою кармалып, ден соолукту жалпы чыңдоочу терапиядан өткөн. Жогорудагы факты маалымат китепчесине жазылып, Тараз шаардык ИИБдин ыкчам-тергөө тобу чакырылган", — деп айтылат маалыматта.
Бирок кесилген жаран колониянын жетекчилери улуттук өзгөчөлүгүнөн улам аны басмырлап жатканын айткан. Кыргызстандын акыйкатчысынын сайтындагы маалымат боюнча аты аталган жаран III топтогу майып.
Учурда 37 жаштагы жарандын саламаттыгы канааттандырарлык.
Коңшу мамлекеттин ИИМинин кылмыш-аткаруу системасынын комитети былтыр жыл башында Тентемишевди мекенине которуу маселесин карап көрүү боюнча Казакстандын башкы прокуратурасы Кыргызстанга документтерди жибергенин кошумчалады.