Дагы бир жол кырсык! Бишкек — Ош жолунда төрт адам каза болду

Учурда жүк ташуучу унаанын айдоочусу тергөөдө көрсөтмө берүүдө. Ал эми жеңил унаанын ичиндеги адамдардын баары каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жүк ташуучу жана жеңил унаа кагышып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий баракчасында кабарланган. 

Кырсык 4-март күнү түшкү саат 14:30дар чамасында Өтмөк ашуусуна бурулган жерге жетпей болгон.

Токмоктогу жол кырсык: каза болгон келин Замир Арыкбаевдин бир тууганы болуп чыкты
Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусунун айтымында, ал трассада өз жолу менен кетип бара жаткан. Бир убакта Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жыйынтыгында унаалар кагышып кеткен.

Алган катуу жарааттан улам жеңил унаадагы төрт адам тең кырсык болгон жерден көз жумган. Алардын арасында 11 жаштагы бала бар.

Окуя болгон жерде Чүй облустук ЖКККББнын кызматкерлери иштөөдө.

Эки күн ичинде адам өмүрүн алган үч жол кырсыгы катталды. Алардын бири айланма жолдо болгон.