БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында болгон жол кырсыгынан төрт киши каза болгонун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 3-март күнү эртең менен, болжол менен 8.15терде Токмоктун жанында болгон. Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу тайгаланып рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Бет маңдай келе жаткан Audi 100 солго бурулуп кеткени менен анын артындагы Toyota Altezza токтоого үлгүрбөй калган. Минивэн дал ушул машина менен кагышкан.
"Toyota Altezza унаасындагы 41 жаштагы аял ошол жерде мүрт кеткен. Дагы үч жүргүнчү ооруканада көз жумду. Audi унаасынын 40 жаштагы айдоочусу ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка жолдун тайгактыгы себепкер экени айтылды", — деп жазылат билдирүүдө.
Ушу тапта сот-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөө башталды.