Ырылдаган илбирс, кыя караган каман, ормойгон таз жору. Таңданткан сүрөттөр

Sputnik

Кыргызстандагы жападан жалгыз зоопарк. Эки мүнөтүңүздү аябай көрүп коюңуз
Бириккен Улуттар Уюму 2013-жылы жер бетиндеги жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактап калуу максаттында 3-мартты жапайы жаратылыш күнү деп жарыялаган. Анын аркасында жыл сайын жоголуп кетүү коркунучунда турган жандыктардын көйгөйү айтылып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракеттери көрүлүп келет.

Ал эми Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү коргоого алынып, айбанаттарга аңчылык кылууга катуу тыюу салынган.

1 / 12
Чоң-Кеминдин тоолорун байырлаган бугу
2 / 12
Жоголуп бараткан жандыктардын катарына кирген ак илбирс
3 / 12
Бийик тоолуу аймактарда жашаган улар
4 / 12
Карышкырлардын үйүрү
5 / 12
Фотокапканга түшкөн суур
6 / 12
Талаада азык издеген кыргоолдор
7 / 12
Тынч жерде жашаганды сүйгөн бугулар
8 / 12
Ысык-Көлдү байырлаган таз жору
9 / 12
Кызыл китепке киргизилген жана сейрек кездешкен сүлөөсүн
10 / 12
Жырткыч куштардын катарын толуктаган ителги
11 / 12
Аска-зоолордо оттогон текечер
12 / 12
Кыргызстанда канаттуулардын 53 түрү Кызыл китепке киргизилген