Бизге генетикалык жактан дартты аныктоочу лаборатория куруу зарыл. Бул тууралуу Камчыбек Узакбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
"Тубаса оору менен төрөлгөн жарандарга мамлекет жылына 7 миллиард сом бөлөт. Ал каражат айына үч миң сомдон жөлөк пул катары берилет. Бул чоң сумма. Эгер биз ушул каражаттын он пайызын эле алдын алуу иштерине жумшасак, көптөгөн тубаса оорулардын саны кыскармак. Ал үчүн бизге дартты генетикалык жактан аныктай турган лаборатория куруу зарыл", — деди Узакбаев.
Дарыгер өкмөттөн жыл сайын ушул маселени чечип берүүнү суранып келерин белгиледи.