Кыздарга дем берген Айсулуу Тыныбекова. Азия чемпионатындагы ирмемдер

Sputnik

КРдин курама командасынан Саяна Баязова (50 кг), Мадина Надырова (53 кг), Нураида Анаркулова (59 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) күч сынашкан. Жыйынтыгында Жуманазарова гана коло байге ала алды.

1 / 12
Кытай жана өзбек балбандары кармашууда. Эч ким килемге жеңилем деп чыкпайт
2 / 12
Мээрим Жуманарова индиялык Дивя Какран менен кармашып жатат
3 / 12
Жуманазарова атаандашын 12:6 эсебинде жеңип, Кыргызстандын атынан жалгыз коло байге тагынды
4 / 12
Айрымдар жеңилүү ызасын жүрөккө өтө жакын кабыл алып жатышты. Кантсе да кыздар да...
5 / 12
Чачты минтин тыкан өрүп же байлап албаса, кармашып жатканда бир топ эле тоскоолдук жаратса керек
6 / 12
Бийкечтер кармаш учурунда дагы ажарлуу
7 / 12
Азия чемпионатында индиялык балбандардын эркектерине караганда кыздары көбүрөөк натыйжа көрсөтүп жатты
8 / 12
Негизи атаандашка бутту карматпаганга аракет кылыш керек эле...
9 / 12
Айпери Медет кызы (76 кг) япониялык атаандашы Еунжу Хвангга туруштук берип жаткан кези. Тилекке каршы, коло байге атаандашына ооп кетти
10 / 12
Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова чемпионатка катыша албаса да, кыздарга дем-күч берип машыктыруучулукту аркалады
11 / 12
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Япония, Кытай жана Монголия алдына киши салдырган жок
12 / 12
Кармашканы бир ирмемде калган балбандар. Баса, Азия чемпионатын чагылдыруу үчүн башка өлкөдөн журналист келген жок