БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы элди ары-бери өткөрүүдөгү кыйынчылык кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда. Бул тууралуу вице-премьер Даир Кенекеев аталган жайга барганда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирген. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.
"Кыйынчылыктар жана ыңгайсыздыктар кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда. Бирок бүгүн (3-мартта – ред.) кошумча түрдө төрт: республикага кирген эки, республикадан чыккан эки кабина орнотулат. "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу өткөн эки өлкөнүн жарандарынын саны күнүнө 7 миңден 11 миң адамга чейин жетүүдө", — деп маалымат берген Шаршеев.
2018-жылдын январь айынан тарта "Достук" көзөмөл өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөл иши 10 кабинада жүргүзүлүүдө.
Кечээ премьер-министр Сапар Исаков Кенекеевди кабыл алып, Ош облусундагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулаган.