Филиппинде мүйүздүү ымыркай төрөлдү. Сүрөт

Бир караган кишиге баланын башына мүйүз өскөндөй көрүнөт
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Филиппинде энцефалоцеле дарты – баш сөөк менен мээнин грыжасынан жабыркап, башында муштумдай болгон шишиги бар бала төрөлдү. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына шилтеме берип жазды.

​Ал бир караган кишиге мүйүздөй көрүнөт. 

Кыздары төрөт үйдө алмашканын 40 жылдан соң билген эки аял сотко кайрылмакчы
Маалыматта дарыгерлер бала түйүлдүк кезинде мындай илдеттин байкалбаганы, бөбөктүн ата-энеси үчүн бул күтүлбөгөн окуя болгондугу айтылат.

Дарыгерлер шишик мээге жетпегендигин жана анын залалдуу эместигин аныктап чыккан. Алар операциядан кийин бала таптаза айыгып кетерине ишенип турушат.

Энцефалоцеле — баш сөөк менен мээнин грыжасы, ал беш миң наристенин биринде кездешет деп айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык ымыркайдын денесинен кийим тигүүчү 16 ийне тапкан.