Бишкек менен Ош шаарларында мамлекеттик туунун күнү белгиленди

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынышына быйыл 26 жыл болду
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө карата Бишкек шаардык мэриянын алдында Кыргызстандын желеги көтөрүлдү. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Туу мамлекеттик гимндин коштоосунда илинди.

Кыргызстандын флагштогу дүйнөлүк рейтингде
Салтанатка Бишкек шаарынын мэри, шаардык кеңештин депутаттары жана муниципалитеттин кызматкерлери катышты.

Мэр Албек Ибраимов шаардыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, бул өлкөдөгү маанилүү даталардын бири экендигин айтты.

Туу күнүн Ош шаары да белгилеп жатат. Салтанат вице-премьер Даир Кенекеев, калаа мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусу менен өттү.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент 1992-жылы 3-мартта кабыл алган. Быйыл ага 26 жыл толду.

Буга чейин Ош шаарында мамлекеттик желектин жерге төшөлүшү тууралуу маалымат тарап, ал коомчулуктун нааразылыгын жараткан.