Маннанов Ильхом Абдукахарович — өмүр баяны

Ильхом Маннанов 1975-жылы 2-апрелде Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айылында туулган.
Sputnik

Билими:

1997 — КР ИИМдин Бишкек жогорку милиция мектебинен "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган (азыркы генерал-майор Э.Алиев атындагы академия).

Эмгек жолу:

1997 — Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык инспектор;

2000-2001 — Араван райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык инспектор;

2001-2006 — Араван райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү;

2007-2010 — Араван райондук ички иштер бөлүмүндө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси;

2011 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясында баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

2011-2012 — Бишкек шаардык ИИББдин баңгизаткка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам кызматкери;

2012-2015 — Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орун басары;

2015-жылдын март айынын август айына чейин Араван райондук ички иштер бөлүмүндө жетекчинин орун басары;

2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат.

Наамы:

Милициянын майору.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.