Кыргызстандын жараны Казакстанда ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды

Өзүнүн айтымында, мекеме жетекчилиги ага улутуна карап кысым көрсөткөн
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарындагы түзөтүү конониясында Кыргызстандын жараны ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу КР Омбудсмен институтунун маалымат кызматынан билдиришти.

Офицерлер абак кызматкерлеринин психологиясы боюнча тренингден өтүштү
Маалыматка караганда, ал адам 3-топтогу майып. Өзүнүн айтымында, мекеме жетекчилиги ага улутуна карап кысым көрсөткөн.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев казакстандык кесиптеши Аскар Шакировго кыргызстандык жаранга укуктук колдоо көрсөтүп, эгер анын айткандары аныкталса күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылуусуна көмөк көрсөтүүсүн суранды. 

Кыргызстандык абакка эмне себептен отурганы айтылган эмес. 

Ошондой эле Акыйкатчы Башкы прокуратура менен Тышкы иштер министрлигине кат жолдоп, кыргызстандыкты мекенине экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.