БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Казакстандын Мангистау облусунда жеңил унаа өрттөнүп, ичиндеги жети жүргүнчүсү кошо күйүп кеткен. Мертингендердин алтоо Өзбекстандын жарандары экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.
Кырсык 1-март күнү болжол менен эртең мененки саат алтыларда Сайотес айылынын жолунда болгон. Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил авто Shacman жүк ташуучу унаасы менен кагышып, өрттөнүп кеткен. Өзбекстандыктардын баары Хорезм облусунун тургундары экени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, буга чейин да Казакстандын Актөбө аймагында айдоочулардын пикир келишпестигинен улам автобуста өрт чыгып, ичиндеги 52 өзбекстандык жүргүнчү каза болгон.