Казакстандын Караганда шаарындагы базар менен дүкөндөрдө сатылып жаткан "Кыргызстанда жасалган" деген белги тагылган балдардын кийимдеринен формальдегид табылганы маалымдалган. Андыктан формальдегид деген эмне, ден соолукка зыянбы, кантип балдардын кийимдеринен чыгып калды деген сыяктуу бир топ суроолор пайда болгон.
Буга Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова жооп берди.
— Айтсаңыз, формальдегид деген эмне?
— Формальдегид бул газ түрүндөгү нерсе, ошентсе да түрдүү абалда кездешет. Ал медицина, курулуш материалдарынан тарта кагаз даярдоо, текстиль, балдардын кийимдери менен оюнчуктарына чейинки көптөгөн тармактарда колдонулат. Ошондой эле кийимдин өңүнүн ачыктыгы жана жуугандан кийин бырышып калбашы үчүн колдонулат. Мунун бардыгы ЕАЭБдин техникалык регламентинде көрсөтүлгөн нормалардын чегинен ашпашы кажет. Бир жашка чейинки ымыркайлардын буюмдарында бул затты колдонууга тыюу салынат. Ал эми бир жаштан үч жашка чейинкилердин кийим-кечелеринде 1 грамм кездемеге 20 микрограмм (граммдын миллиондон бир бөлүгү) формальдегид колдонууга уруксат берилет.
— Көпчүлүк окурмандар формальдегид уу затпы, ден соолукка терс таасир тийгизбейби деп суроо салышууда?
— Демек, формальдегид организмге кандай жол менен киргенине жараша кесепеттери байкалат экен да?
— Ооба, бирок ошол эле учурда формальдегид организмде көпкө чейин чогулуп, мутация болуп кетүү ыктымалдыгын да унутпоо зарыл.
— Формальдегидден ууланып калуунун алдын алууга болобу, жол-жобосу кандай?
— Казакстандын ЖМКларында Кыргызстанда тигилген кийимдерде формальдегид бар экен деген маалыматтар канчалык туура?
— Ооба, интернетке ушундай маалыматтар чыкты, бирок казак тараптан расмий түрдө кат келген жок. Мындай жаңылыктардан улам биздин базарлардагы кийимдердин үлгүлөрүн алып изилдөө үчүн лабораторияга жибердик. Мындай изилдөөлөрдү такай жасап турабыз, анда нормадан ашкан учурлар болгон эмес.
— Балким формальдегиддин нормасы боюнча Казакстан менен биздин нормативдер башка болуп жүрбөсүн?
— Жок, андай болушу мүмкүн эмес. ЕАЭБдин бирдиктүү техникалык регламенти бардыгыбызга тиешелүү.