Казак дарыгерлери бөбөктүн ичинен 40ка жакын магнит алып чыгышты

Дарыгерлер 38 магнитти беш жашар баланын киндиги аркылуу алып чыгышкан
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Казакстандык хирургдар беш жашар баланын ичинен тоголок магниттерди алышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды. 

Дарыгерлер ичи ооруп ооруканага түшкөн баланы текшерүү учурунда анын ичинде башка нерселер бар экенин билишкен. Алматыдагы балдардын тез жардам борборунун бөлүм башчысы Ерлан Мендигалиев социалдык тармакка жазды.

"Беш жашар бала ичи ооруп түшкөн. Текшерүү учурунда инструменттер башка заттарга жармашкан. Топтошкон магнит ичегиде экен. Бирөө жогору жакта жайгашкан. Анын айынан ичеги жыйрылып кичирейип кеткен. Киндик аркылуу ичегини жана 38 даана майда магнит чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Наристенин абалы жана магниттер ичегиге кантип кирип кеткени боюнча маалыматтар жок.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандын дарыгерлери Ташкент шаарында ымыркайдын денесинен операция жолу менен 13 ийне алып чыгышкан.