Бакуда наркологиялык борбор өрттөнүп 25 адам каза болду

Учурда кырсыктан куткарылгандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бакудагы наркологиялык диспансерде өрт чыгып 25 адамдын өмүрүн алды. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын биригип кетишинен улам чыккан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, факты боюнча кылмыш иши козголду.

"Өрт бүгүн, 2-мартта, эртең менен чыгып, 43 өрт өчүрүүчү унаа жана 160 куткаруучу тартылган. Бирок катуу шамалдан улам өрт күчөп, куткаруучулар имаратка кире албай кыйналышкан. Акыры жалпы 55 адамдын 31и куткарылып, ооруканага жеткирилген. Кийин ооруканадан дагы бир адам көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктан куткарылгандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.