Радио

Масабиров: Азия чемпионатында байге алган балбандарга сыйлык беришибиз керек

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров спортко жакшылап көңүл буруу керектигин айтты
Sputnik
Масабиров: Азия чемпионатында байге алган балбандарга сыйлык беришибиз керек

Азия чемпионатында байге алган балбандарга өкмөт сыйлык бериши керек. Мындай пикирин Таалайбек Масабиров парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы эсеп менен биринчи орунду алды.

"Бишкекте өтүп жаткан курөш боюнча Азия биринчилигинде биздин балбан Акжол Махмудов чемпиондукту багындырды. Өкмөт бул балабызга жана башка байгелүү орундарга ээ болгон балбандарга материалдык сыйлык берет деп ойлойм. Федерациялар жакшы эле иштеп жатышат. Мамлекет да мындан ары спортту колдоосун күчөтүш керек", — деди Масабиров.

Эске сала кетсек ушул күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.