Ысык-Көл фондунун мурдагы башчысы кармалды

Тергөө ишин Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жүргүзөт
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондунун мурдагы директору Руслан Элебесов кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч структураларындагы булак билдирди.

Анын маалыматына караганда, Элебесов Бишкектен колго түшүрүлгөн. Ал фонддун мүлкүн өзүнө ыйгарып алууга шектелип жатат.

"Сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Тергөө ишин Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жүргүзөт", — деди агенттиктин маектеши.

Ал эми аталган агенттиктин өкүлдөрү Руслан Элебесовго карата кылмыш иши бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.