Радио

Ибраева: сейрек кездешчү ооруларга чалдыккан бейтаптарга көңүл бурулбай жатат

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясат башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева сейрек кездешкен ооруга чалдыккан инсандарды дарылоого каражат бөлүүнү мыйзамдаштыруу керектигин айтты.
Sputnik
Ибраева: сейрек кездешчү ооруларга чалдыккан бейтаптарга көңүл бурулбай жатат

28-февраль — сейрек кездешчү дарттардын эл аралык күнү. Бул тууралуу Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул күн Кыргызстанда быйыл биринчи ирет масштабдуу түрдө белгиленүүдө.

"Илимде арфандык оорулар деп коет. Мындай оорулар бизде да кездешет. Учурда так статистика жок. Бул жаатта азыр Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жумушчу топ түзүлүп, иштер жүрүүдө. Жумушчу топ кайсы дартка чалдыккан канча адам бар экенин жана Кыргызстанда кайсы оорулар көп кездешерин тактап чыгат. Биздин башкы максат — сейрек кездешкен ооруларга чалдыккан инсандарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурдуруу", — деди Ибраева.

Ошондой эле ал генетикалык лаборатория куруу жана дары-дармек маселесин чечүү башкы көйгөй экенин кошумчалады.