Бишкекте поезд аялды коюп кетти. Бейтап оор абалда

Келин машинисттин сигналына көңүл бурбай, рельстен жылбай койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекте рельстен жылбай койгон аялды поезд коюп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Окуя шаршемби күнү, 28-февралда, саат 9.10дор чамасында Шабдан баатыр жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жабырлануучунун Нарын облусунда төрөлүп, Бишкекте жашаган 34 жаштагы келин экени тастыкталды. Бейтап Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна оор абалда жеткирилген.

"Аял кулакчын тагынган эмес болчу, бирок ошентсе да тепловоздун сигналына маани берген эмес. Аталган факты боюнча теплоходдун машинисти суракка алынып, экспертизалар дайындалды", — деп ИИМден билдиришти.

Милиция тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.