Март айына карата газдын баасы бекиди

1-мартка карата расмий доллардын курсу 68,11 сомду түздү
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы калк үчүн март айына карата 1 метр куб жаратылыш газынын баасын 14,3 сомдун чегинде бекитти.

Өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,5 сом, сатуудан алынган салыкты эске албаганда 17,4 сомду түздү.

Канчадан? 9-февралдан 16-февралга чейинки баалар
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын №68, 69 "Калк үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө", "Өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө" буйруктарына ылайык, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы ар бир айдын башында КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифти түзөт.

2018-жылдын 1-мартына карата расмий доллардын курсу 68,11 сом болду.

Февраль айында газдын баасы кандай болгон?