Мени да кечиргиле! Эртеңиңди эске салган "Дарак ыры"

Жек көрүү, өч алуу, сүйүү, сүйүнүү, кайгы, үмүт... Ушул сезимдин баары бир тасмада камтылган
Sputnik

"Дарак ыры" кыргыз тилиндеги биринчи мюзикл, кино-дастандын бет ачары 28-февралда болду.

Кыргызстанда биринчи мюзикл, кино-дастан тартылып жатканын буга чейин да жазган элем. Тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков, башкы ролду ойногон Өмүрбек Израилов жана продюсер Толкун Дайырбекова менен тасманын өзгөчөлүгү, көрүүчүгө берейин деген ою тууралуу кенен маектешкенбиз.

"Дарак ыры" тарыхый мюзиклин тартуу учурундагы сахна артындагы көрүнүштөр

Бул кинонун башкалардан музыкалуулугу менен өзгөчөлөнөрүн билгем, бирок аны көрүп жатканда көзүмө жаш алып, буга чейин жасаган иштериме 5-10 секунддун ичинде саресеп салам деп эч ойлогон эмесмин. Адам баласы бир ирмемде жашаган өмүрүн, жасаган ишин, эстен чыгып кеткен айрым окуяларын эстейт десе ишенчү эмес элем… Киши көп жылдар бою жасаган иштерине бир заматта анализ жасай аларына эми толук ынандым.

Сөз башы

Катардагы эле кинолордун бет ачары. Агылып келген эл сүрөткө түшүп, бири-бирин куттуктап, кучакташып жатат. Арышты кенен таштап, кадамды тездетип кинотеатрга кесиптешим экөөбүз кирип бардык.

Чоң байдын шарапаты, сараң байдын кесепети. Бай деген ким?
Бул ирет режиссер тасманы тартууга салым кошкондорду актердон тарта айдоочуга чейин кино башталганга дейре сахнага чыгарып тааныштырды. Бул жагы жакшы болду. Кино аяктагандан кийин келгендердин баары жабыла сыртка жөнөйт эмеспи.

Кино кыз алууга келген кудалар менен башталат экен. Кудум 19-кылымда жашаган элдин турмушуна түшүп калгандай болдум. Казан-казан кайнаган эт, дасторкон боорсок, курут-майга толуп турат. Кубалашып ойногон балдар, кызмат кылган жеңелер менен бозойлор. Деги койчу чыңалып турган денем жазыла түштү.

Мазарга сыйынуу үчүн эмес, зыярат кылуу үчүн келет

Адам баласы өзүм дегенде эч нерседен кайра тартпайт го, чиркин. Керек болсо бүтүндөй элдин ыйык жайына айланган жерлерди талкалап, кур намыстан ата-бабалар сактап келе жаткан айрым нерселерди түп орду менен коңторуп жибергенге дагы даярбыз.

Назаренко кыргызча обон созгон "Дарак ырынын" саундтреги жарыкка чыкты
Базарбай кудаларга эт бышыруу үчүн отун калбай калганын угуп жигиттерин "жерден чукусаңар да отун таап этти бышыргыла" деп буйруйт. Желдеттер канча кылымдан бери элдин зыярат кылган мазарындагы бакты чаап келип этти бышырат…

Алда кокуй күн ай… Канча кылымдардан бери муундан-муунга берилип келе жаткан салт-санаа, үрп-адат бузулса журт бузулаарын желдеттер кайдан билмек. Режиссер мазарды чабуу эпизоду менен ар бир кишинин канына сиңген мыйзам бузулганда журт кантип бозуп-тозуп кетерин көрсөтүп берген.

Чабылган бакты көрүп колундагы тумарын, дөөлөтүн жоготуп жибергенин сезген аялдын чыңырыгы жүрөктү жебе сымал сайып өтүп, канжар менен тилип-тилип жибергендей ордуңан солк эттирет. Мурас, ишеним, келечек жоголду…

Ичи тардык, кара мүртөздүк жана кур намыс канчалаган жандын, элдин түбүнө жетип, сандалтып дубана кылды. Бир гана менде болсун, мени уксун деген көкүрөктөгү сокур сезим канчалаган кишини жолдон тайдырды болду экен. Бирок… бирок… ошол кетирген катаны сезип, эл алдында, өзүнүн жан дүйнөсү алдында чын ыкластан кечирим сурап "мени кечиргиле", "мени кечир, ата", "мени кечир, апа", "мени кечир, тууганым", "мени кечире көр, кагылайын калайык" деп жер муштап, өз башын КИМ курмандыкка чалды болду экен?..

Актриса Таалайкан Абазованын айылга каты. Айылдын "жылдыздары", бакчадагы Ак Мөөр
Базарбайдын тентип кеткен элинин алдында кечирим сурап турган маалы адамдын ички дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, көкүрөгүңөн чыккан үн кокоңо келип кысылат. Ичиңдеги дабыш "Мени да кечиргилеее!" деп кысылып кулагыңа шыбырап тургансыйт. Денеңди бир саамга калтырак басканын байкабай да каласың. Базарбайдын башы алынып, кыл кыяктын кылы үзүлгөндө чыңалып турган денең жазылып, кокоңду богоп калган белгисиз нерсе бир заматта жок болуп, дем ала баштайсың…

Эки баласын бирдей жоготуп, кайгыга муунган эненин абалычы?.. Мурдагы нурдуу жүздүн кыпындай да белгиси жок. Жибек чачты ак аралап, койкойгон моюнду бырыш басып, саксайган чачтар жайылган. Шордуу десе. Кантет анан… Жалган жалаадан, кур намыстан улам бойго жеткен уулдарынан ажырап отурса. Кайгыдан күн менен түндү ажырата албай жаргылчактын ташын ары-бери айланткан эне…

Бекеринен жамандыкты амандык жеңет деп айтылбаса керек. Чабылган мазардын бүрдөгөнүн көргөн эненин кубанычында чек жок. Качанкы жоготуп жиберген тумарын, ишеничин тапканына сүйүнүп, жүзүн сылай аккан көз жашы кайгынын эмес, үмүттүн, жакшылыктын шооласы сыяктанат.