Радио

Акималиев: дыйкандардын 50 пайызы гана сапаттуу үрөндөр менен камсыз болууда

Айыл-чарба боюнча серепчи Жамин Акималиев жер семирткичтерди пайдаланбагандыктан, эгин эгилген талаалар арыктап кеткенин айтты.
Sputnik
Акималиев: дыйкандардын 50 пайызы гана сапаттуу үрөндөр менен камсыз болууда

Дыйкандардын 50 пайызы гана сапаттуу үрөндөр менен камсыз болууда. Ал эми калган 50 пайызы сапатсыз үрөндөрдү арзан баада сатып алып жатышат. Бул тууралуу Жамин Акималиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, арзан баадагы үрөндөрдү талаага эккенде тең жарымы чыкпай калат.

"Менин маалыматым боюнча сапаттуу үрөн менен дыйкандардын 50 пайызы гана камсыз болуп келе жатат. Ал эми калган дыйкандар арзан деп үрөндөрдү базардан сатып алышып, анын тең жарымы чыкпай калып жатат. Ушундай маселелерди чечип жардам кылсак, өсүмдүктөрдү өстүрүп, азык-түлүк менен камсыз кылууга жакшы кадам шилтейбиз", — деди Акималиев.

Серепчи айыл-чарба тармагында колдонулуп жаткан техниканын 80 пайызы эскирип калганын да кошумчалады.