Динара Аляева: Кыргызстандын дарыгерлери көпчүлүк учурда дартты аныктай албайт

28-февралда сейрек оорулардын күнү белгиленет. Бул сейрек кездешкен дартты аныктоо Кыргызстанда кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда талкуулашты
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. – Sputnik. Кыргызстандагы дарыгерлер сейрек кездешкен ооруларды көпчүлүк учурда аныктай алышпайт. Мындай пикирин "Первый детский хоспис" коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Динара Аляева маалымат жыйында билдирди.

Ал сейрек кездешкен дарт менен алышкан балдарга өлкөдө оор экенин айтты. Көпчүлүк учурда алар тийиштүү дарылануудан өтпөй, кымбат дарыларды сатып ала алышпайт.

"Сейрек кездешкен дартты аныктаган адистер бизде жок. Көпчүлүк учурда дарыгерлер баш тартып, балдар үйүнө чыгарылат. Алар тийиштүү медициналык жардамды ала албай калышууда. Ата-энелер дартты аныктай албаган дарыгерлерден баштап түрдүү түшүнбөстүктөргө кабылат. Ошондой эле мамлекет тарабынан бериле турчу болбогон жардамга ээ болуу үчүн баласына майыптыкты алууда дагы көйгөйлөргө туш болушат. Андан сырткары, сейрек кездешкен дарт менен ооруган балдарды окууга албаган мектеп директору менен да түшүнбөстүктөр көп. Ата-энелер өздөрү жол издегенге туура келет", — деди Аляева.

Маалымат жыйында булчуң ооруларынан жапа чеккен балдардын энелери аудиокайрылуу жасады. Алар дартты аныктоодо кыйынчылыктар көп экенин белгиледи.

Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
"Төрт жыл бою бөйрөктүн жогорку көрсөткүчүнөн улам дарыгерлер белгисиз гепатитке каршы дарылашты. Бирок бардык маркерлер гепатит жок экенин көрсөткөн. Туура диагноз бир нече жылдан кийин гана коюлду. Дарт аныкталганга чейин жана кийин балдар Ош шаарындагы жеке мектепке барып жүрдү. Акчасы убагында төлөнгөнүнө карабастан балдар басмырланган. Мектеп жетекчилиги абалды түшүнүп, окууга ыңгайлуу шартты түзүп берүүгө жардам берген эмес. Өзүбүздүн көйгөйүбүз менен жалгыз калдык. Керектүү терапияны Москвадагы дарыгер жазып берди. Учурда балам экөөбүз чет мамлекетте дарыланып жатабыз", — деди эне.

Жакын арада Кыргызстанда дагы тийиштүү терапиялар пайда болоруна үмүттөнөрүн кошумчалады.