Бишкекте токой паркы пайда болот. Мэрия жаңы долбоор сунуштады

Мэрия Бишкектин жашылдандыруу аймагын кеңейтет. Өкмөт башчы мэриянын планын жактырды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков мэриянын "Бишкек токой паркы" долбоорун жактырып, аны ишке ашыруу планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу калаа башчысы Албек Ибраимов Facebook баракчасына жазды. 

Долбоор 27-февралда өкмөт үйүндө көрсөтүлгөн.

"Талкуунун жыйынтыгында премьер долбоорду жактырып, мэрияга аны ишке ашыруу үчүн деталдуу планды иштеп чыгууну тапшырды", — деп жазган мэр.

Ибраимов "Бишкек токой паркы" шаардын жашылдандыруу аймагын кеңейтүү экенин кошумчалаган. Ал жакын арада шаардыктарга кошумча маалымат берилерин айтты.