Сүйүнчү! Акжол Махмудов алтын тагынып Азия чемпиону болду

Акжол Махмудов финалда казакстандык Демеу Жадраев менен беттешкен
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча беттешке чыккан кыргызстандык Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча алтын тагынып, Азия чемпиону болду.

1 / 4
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча беттешке чыккан кыргызстандык Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча алтын тагынып, Азия чемпиону болду.
2 / 4
Ал финалда казакстандык Демеу Жадраев менен кез келип кыл чайнашкан беттеш өткөрдү.
3 / 4
Махмудов оюндун биринчи бөлүгүндө 7:4 эсеби менен алдыга чыккан.
4 / 4
Экинчи бөлүктө казакстандык спортчу активдүүлүгүн көрсөтүп эсеп санын алтыга чыгарды. Бирок кыргыз балбаны аягында 8:6 эсебинде жеңип алды.

Ал финалда казакстандык Демеу Жадраев менен кез келип кыл чайнашкан беттеш өткөрдү. Махмудов оюндун биринчи бөлүгүндө 7:4 эсеби менен алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө казакстандык спортчу активдүүлүгүн көрсөтүп эсеп санын алтыга чыгарды. Бирок кыргыз балбаны аягында 8:6 эсебинде жеңип алды.

Каныбек Жолчубеков ирандык атаандашын көтөрүп чаап, коло байге утту
Махмудов буга чейин биринчи айлампада иорданиялык атаандашы Ахмад Махмуд Ахмед Дахшанды 12:2, экинчи кармашында индиялык каршылашын 8:0 эсебинде утуп алган. Ал эми жарым финалда 7:0 эсеби менен япониялык спортчуну багындырып, финалга жолдомо алган.

Акжол Махмудов Кыргызстан курама командасынын куржунуна алгачкы алтынды камсыздап берди. Ал эми Каныбек Жолчубеков коло медалга ээ болгон. Кечээ, чемпионаттын биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (55 кг) экинчи орунду камсыздап, күмүш тагынды. Ошондой эле дагы бир күмүш медалга Урмат Аматов (63 кг) ээ болсо, Азат Бейшебеков (87 кг) менен Мурат Рамонов (130 кг) коло байгеге татыды.