Шевченко: тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпионатында мыктылар тандалат

Елена Шевченконун айтымында, КР чемпионаты дүйнө биринчилигине катышчуларды тандап алуунун биринчи туру.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкекте кыздар жана балдар арасында тайбокс боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Елена Шевченко билдирди.

Кыргызстандык спортчу биринчи жолу фехтование боюнча Азия чемпиону болду
Мелдеш 21-25 март күндөрү борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Анда 6 салмак түрү боюнча балдар, 10 категорияда жаштар жана 14 ар башка ченде чоңдор күч сынашат.

Шевченконун айтымында, КР чемпионаты дүйнө биринчилигине катышчуларды тандап алуунун биринчи туру.

"Өлкө чемпионатын уткандар андан ары окуу-машыгууларга жана эл аралык турнирлерге катышууга мүмкүнчүлүк алат. Ошонун жыйынтыгы менен дүйнө чемпионатына катыша турчулар такталат", — деди федерациянын президенти.

Тайбокс боюнча дүйнө биринчилиги 10-19-май күндөрү Мексиканын Канкун шаарында өтөт.

Бүгүн күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты башталат. Күн мурун мамагенттиктин жетекчиси Канат Аманулов күрөштү "мамлекет тарабынан жакшы каражат бөлүнгөн спорт түрү" деп баа берген.