Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

"Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 8…10, Ошто 12…14 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Күндүн табы Чүй өрөөнүндө 6…11 градуска көтөрүлсө, Таласта 5…10 градус нөлдөн жогору болору айтылууда. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 9…14, Ысык-Көлдө 3…8 градуска чейин жылыса, Нарында 4 градус сууктан 1 градуска дейре жылуу болот.