Кыргызстанда адамга окшош робот жасалып жатат

Робот жарым-жартылай жасалып калды, адистер аны жакынкы аралыкта толугу менен бүткөрүүгө сөз беришти
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу адамга окшош робот жасалып жатканын робот техникасы менен алектенген компаниялардын биринин өкүлү Санжар Жумабеков Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, иштин жарымы аяктап калды. Жакынкы аралыкта робот толугу менен жасалып бүтүп, анын мүмкүнчүлүктөрү элге көрсөтүлөт.

Роботтун өңү ак, башында ак калпагы бар. Ал тамак жасап, үй жыйнап, дагы башка иштерди аткара алат.

Жылдан жылга ар кандай кызматтарды аткарган роботтордун түрү көбөйүүдө. Өткөн жылы Кытайда бийге түшкөн миңден ашуун робот дүйнөлүк рекорд койсо, дагы бири адамдын тишине имплант койгон.